Коом
Кыргызстандын бардык облустарында «Акылман» президенттик лицейлери ачылат

Кыргызстандын бардык облустарында «Акылман» президенттик лицейлерин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, алгачкы лицей Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Учурда дагы эки лицей Талас жана Жалал-Абад облустарында курулууда.
Президент белгилегендей, «Акылман» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү экзаменсиз эле мамлекеттик кадрлар резервине киргизилет.
«Бул лицейлерде биз республикалык деңгээлдеги кадрларды тарбиялайбыз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Анын айтымында, лицейлер тармагын түзүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого, ошондой эле өлкөнүн келечектеги башкаруучулук жана кесиптик кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүүгө багытталган.



