Коом
Депутат жаңы филармония курууну сунуштады

Депутат Бактыяр Калпаев жаңы филармониянын имаратын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары көптөгөн объектилер курулуп жатат, алардын катарында президенттин администрациясынын имараты жана стадион да бар. Бирок, депутат белгилегендей, маданият тармагындагы объектилерге да көңүл буруу зарыл.
«Эл аралык бардык стандарттарга жооп берген жаңы филармония курууга убакыт келди деп эсептейм. Көптөгөн мамлекеттик иш-чаралар филармонияда өтөт. Жаңы имараттын курулушу Кыргызстандын маданиятына болгон сый-урматтын белгиси болот», — деди Бактыяр Калпаев.



