Коом

«Хан-Теңири» жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын уникалдуу кадрлары тартылды

Кыргызстандагы «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын уникалдуу кадрлары тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

«Илбирс» фонду тарабынан «Амик» долбоорунун алкагында орнотулган фотокапкандар бийик тоолуу аймактарда жашаган сейрек жаныбарларды жана климаттын өзгөрүп жаткан шарттарындагы алардын жашоосун тасмага түшүрдү.

«Хан-Теңири» — Кыргызстандын эң алыскы жана кол тийбеген жаратылыш парктарынын бири. Бул жерде ак илбирс, марал жана аркар сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар жашайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button