Саясат

Садыр Жапаров Улуттук футболду өнүктүрүү программасын бекитти

Садыр Жапаров Кыргызстанда 2026–2034-жылдарга карата футболду өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Документте футбол менен массалык түрдө машыгууга шарт түзүү, оюнчулардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу жана жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу каралган.

  • Программа менен төмөнкүлөр бекитилди:
  • Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы;
  • сегиз жылга карата иш-чаралар планы;
  • программанын бюджети;
  • мониторинг системасы жана баалоо көрсөткүчтөрү.

Ишке ашырууга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана «Кыргыз футбол бирикмеси» катышат. Бардык ведомстволор жыл сайын өзүнүн иш-пландарын түзүп, жылына эки жолу аткарылган иштер боюнча отчет берүүгө милдеттүү.

Документ он күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button