Окуялар

Республикалык спорттук колледжинин директору Айбек Ташматов эки айга камалды

Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин директору Айбек Ташматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Маалыматты аталган соттон маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы – ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылды.

Айбек Ташматов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Коррупция”) кылмышты жасоого айыпталууда.

Ал 15-апрелге чейин камакта болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button