Коом

Кыргызстанда 4 миң 478 адам гемодиализ кызматын алат

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иши жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.

Анын айтымында, мындай бейтаптардын саны жылдан жылга өсүүдө.

Жалпысынан республика боюнча гемодиализ кызматын 54 мекеме көрсөтөт, алардын ичинен экөө мамлекеттик, төртөө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде, ал эми 48и жеке борборлор. Анын ичинде:

  • Бишкекте — 11 борбор;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 8;
  • Талас облусунда — 3;
  • Нарын облусунда — 3;
  • Ош облусунда — 6;
  • Баткен облусунда — 6;
  • Чүй облусунда — 6.

Гемодиализ толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. 2025-жылга республикалык бюджеттен бул максатка болжол менен 3,5 миллиард сом каралган.

Буга чейин жума сайын 20 адам бөйрөк алмаштыруучу терапиянын гемодиализ ыкмасына өтөрү маалымдалган. Республикалык бюджеттен бир бейтапка жылына 936 миң сом сарпталат, бир сеанстын баасы 6,5 миң сомду түзөт.

Бөйрөк трансплантациясында операциядан кийинки бир жылга иммуносупрессивдүү терапияны каржылоо бир бейтапка 250 миң сомду түзөт. Ушуга байланыштуу бөйрөк трансплантациясын акысыз жүргүзүү боюнча жобо иштелип чыккан.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2018-жылдан бери 81 операция жасалып, алардын 38и бюджеттик негизде өткөрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button