Окуялар
Баткенде алимент төлөөдөн баш тарткан жаран 2 жылга камалды

Баткенде алимент төлөөдөн баш тарткан жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады.
Баткен облустук соту алимент төлөөдөн качкан М.У.Ж. аттуу жаранды 2 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал 2022-жылдан 2025-жылга чейин 313 миң 833 сом төлөгөн эмес.
Сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай, соттун чечимин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн ал Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси («Ата-энелердин балдарын багуудан качуусу») боюнча күнөөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынды.



