Коом
19-мартка карата аба ырайы

Бейшембиде күн ачык болот. Өлкөнүн Ош, Баткен облустарынан башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет берди.
Абанын температурасы:
Чүйдө +11…+16,
Талас аймагында +10…+15,
Ош, Жалал-Абад облустарында +12…+17,
Ысык-Көл жергесинде +7…+12,
Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус жылуу болот.
Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.



