Коом
15-апрелге карата аба ырайы

15-апрель, шаршембиде, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28,
Талас аймагында +19…+24,
Ысык-Көлдө +14…+19,
Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.
Бишкекте +25…+27 градуска чейин көтөрүлүп, кечке маал жамгыр жаашы ыктымал.



