Ал мага бөтөн адам. 9 айлык кезимде таштаган апам 17 жашымда пайда болду

Боз үйдүн ичинен чыккан “эжем-оой, айкөл элең, эже-ее—м, бир боорууум” деген кыйкырык, үшкүрүк, ый шамал менен чогуу айылды аралап жаңырып жатты. Айыл апалар, эжени жоктоп ыйлап жаткан жакындарына кайрат айтып жатышты.
Маанайым жок, асманым үзүлүп жерге түшүп энемден айрылып калганыма ишене албай көкүрөгүмө муң толуп турду. Боз үйдүн ичинде “бул кыз багып алган кызыбы” деп күбүр шыбыр кептер жүрдү.
Гүлшан энем айылдагы эң сыйлуу, барктуу, ар бир сөздү орду менен сүйлөгөн кадырлуу адам болчу. Каза болгонго чейин бир топ жакшылык иштерди жасады. Өзүнүн эки уулу бизнеси өнүгүп, иштери алдыга жылып, бардар жашоодо жашаган уулдар болду. Келиндерин өз кызынан артык карачу. Бир канча ирет энем экөөбүздү “шаарга алып кетели” дешти, бирок энем баш тартып барбай койгон. Байкелерим мени эч качан бөтөн деп бөлүшкөн жок. Дайма сурай берет элем, «эне эмнеге Таку байкем экөөбүздүн арабызды 28 жаш кылып төрөдүң» деп. «Кудайым берди да карыганда деп» күлүп кутулчу энем.
Сырдын баары бүгүн энем оо дүйнө узаганда ачылды. Улуу жеңем мени кантип багып алганын айтып берди. Энем шаарга барат кичүү байкемдин үйүнө, ошол түнүн белгисиз бирөө мени 9 айлык кезимде эшиктин астына таштап кеткен экен. Энем “Кудайым берген кутту өзүм багып чоңойтом” деп шаардан айылга ала келет. Жеңемдин айтышынча, ымыркайды милицияга чалып өткөрүп берели дешкенде, энем макул болбой коет. Нарсите балдар үйүндө барат кандай күндү көрөт бир кудай билет, мага эрмек болот деп өзүнө алат.
Бул кабарды угуп, ушунча жыл бир сыр бербей өз карындашындай көрүп эркелетип, көкүлүмдөн сылап чоңойткон агаларым чындап мага бир тууган эмес, бир кандан эмес экенине өкүнүп жаттым.
Арадан күндөр өтүп энемдин кыркылыгына даярданып жатканбыз. Бир мезгил үйдүн астына машина келип токтоп, жулкунуп бир аял түштү.
-Кана менин кызым, анын апасы менмин, деген арык чырай келин пайда болду. Кыз меники “биологиялык энесимин, кааласаңар ДНК тапшыралы, силердин акчаңар көп” деп чыкты.
Мен ичимден кантип ушундай энеден туулдум деп өзүм берген суроого озүм жооп таппай турдум. Анткени ал мага бөтөн адам. 9 айлык кезимде таштаган апам 17 жашымда пайда болду.
Айыл апалар, коңшу-колоң, “кыз сеники болсо ушунча убакыт эмнеге келбедиң, окутуп чокутуп, багып чоңойткон соң, байлык талашканы келдиңби”, дешти.
Чогулган эл баары аң-таң. Байкуш келин эмне себептен таштады, жокчулук себеп болдубу, же күйөөсү кызыл камчы чыкканбы, же бирөөгө алданып боюна бүтүп калганбы? Балким багар көрөрү жок, атайын дал ушул үйгө таштаганбы дешип ар ким өз божомолун айтып жатты.
А мен так кесе айттым, “мен силерди тааныбайм, силерге барбайм. Мени эки байкем анан энем бакты. Мен байкелерим менен шаарга барам. Ошол жактан окуп келечегимди курам”, дедим.
Ошол кезде боздоп ыйлап, мени да каргап, үстүнө аял алып алган, көп кордук көрсөткөн атамды каргап, чачын жулуп көпкө ыйлыды. Бир мезгил тынчтанып.
-Макул кызым, мен көргөн кордукту сен көрбө. Сага да кыйын бүгүн эле асмандан түшкөндөй пайда боло калдым. Бирок мен бармын унутпа, мага келип тур. Балким акырындап өзүң көнүп кетер чыгарсың. Мен сени күтөм , — деп телефонун калтырып кетти.
Бирок, эл оозунда элек жок. “Байлык үчүн эле келди, эмнеге ушунча жыл жолободу” деген сөздөр айтылып жатты. А мен… мен энемди жоготконума гана өкүнүп, ичим туз куйгандай ачышып турду…



