Дүйнө

Мунайдын баасы акыркы төрт жылдагы эң жогорку чекке жетти

Мунайдын баасы Иран портторунун узакка созулган блокадасы шартында дээрлик акыркы 4 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти. Инвесторлор Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурайт деп кооптонууда.

ice.com сайтынын маалыматына ылайык, Brent маркасындагы мунайдын баасы 7 пайыздан ашык кымбаттап, баррели 119 доллардан ашты. Эл аралык көрсөткүч рыноктун АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу сунушун четке кагып, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырганына болгон реакциясынын фонунда кескин өстү.

Axios басылмасынын маалыматы боюнча, Трамп Ирандын деңиздик блокадасы Тегеран АКШны анын өзөктүк программасына байланыштуу кооптондурган маселелерди жоё турган келишимге макул болгонго чейин уланарын билдирген.

Рыноктогу кооптонуулар АКШнын Борбордук командачылыгы сүйлөшүүлөр токтоп калса, Иранга каршы «кыска жана күчтүү» соккулардын планын даярдап койгону тууралуу маалыматтардан кийин дагы күчөдү. Ошол эле учурда Трамп аскердик аракеттерге буйрук бере элек.

Буга чейин да АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн айланасындагы белгисиздиктен улам Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 115 долларга чейин жеткен

Тектеш кабарлар

Back to top button