Казакстанда «Союз-5/Сункар» ракета учуруучу аппараты учурулду

30-апрелде Казакстандын Байкоңур космодромунда «Байтерек» космостук ракета комплексинен «Союз-5/Сункар» алдыңкы орто класстагы ракета учуруучу аппараты учурулду.
Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ракетаны сыноо иретинде биринчи жолу учурулду.
Учуу-конструктордук сыноолордун алкагында ракетанын биринчи жана экинчи баскычтары штаттык режимде иштеп, габариттик-массалык макет ийгиликтүү эсептелген траекторияга чыгарылды. Комплексти түзүүдө жер үстүндөгү инфраструктураны жаңылоо, старттык системаларды куруу жана ылайыкташтыруу, башкаруу, күйүүчү май куюу жана коопсуздук системалары боюнча иштер жүргүзүлдү.
«Байтерек» долбоорун ишке ашыруу — акыркы жылдардагы эң татаал технологиялык долбоорлордун бири. Толук автоматташтыруу жана коопсуздук талаптарына жооп берген заманбап комплекс түзүлдү. Ракеталык комплекстин ийгиликтүү учурулушу космосту өздөштүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, ар түрдүү космостук аппараттарды орбитага чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Учууга даярдык бардык технологиялык талаптарды так сактоо менен жүргүзүлүп, негизги көңүл бардык түйүндөрдүн үзгүлтүксүз иштешине бурулду», — деп белгилешти министрликтен.
Жаңы космостук ракеталык комплексти иштетүү үчүн 40тан ашык техникалык система колдонулат. «Союз-5/Сункар» төмөнкү жер орбитасына 17 тоннага чейин жүк чыгарууга жөндөмдүү.



