Коом

Эл аралык «Евразия» сыйлыгына катышуучулардын арыздарын кабыл алуу башталды

Эл аралык «Евразия» сыйлыгына катышуучулардын арыздарын кабыл алуу башталды, байге фонду 17 миллион рубль болот. Бул туурасында аталган долбоордун жетекчиси Евгения Елсакова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө айтты.

Ал былтыр кыргызстандыктар активдүү болуп, өзгөчө жана кызыктуу долбоорлор менен арыз таштагандыгын белгиледи.

«Ар бир номанициянын жеңүүчүлөрү бир миллион сомдон алат. Гуманитардык, билим берүү, маданият жана жаштар темасы каралган», — деди Елсакова.

Быйыл сыйлыкта 10 номинация болмокчу. Алгач билдирмелер кабыл алынат, андан соң тандалат, эксперттер баалайт. Андан кийин эл аралык добуш берүү, финалчылардын долбоорун Москвада калыстар тобунун алдында жактоосу өтөт. Күзүндө сыйлоо аземи болот. Өзгөчө мааниге ээ долбоорлорго Россотрудничествонун өзүнчө номинациясы бар.

Айта кетсек, «Евразия» эл аралык сыйлыгы ишмердүүлүгү маданий, руханий баалуулуктарды сактоого, элдик дипломатияны өнүктүрүүгө жана постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга салым кошкон адамдар менен уюмдарды аныктоого жана аларды колдоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button