Окуялар
Кара-Балтада локомотив Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышты

Кара-Балта шаарында бүгүн саат 14:30 чамасында темир жол өтмөгүндө локомотив менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышты.
Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу шлагбаум жабылып, тыюу салуучу белги күйүп турганына карабастан темир жолдон өтүүгө аракет кылган.
Натыйжада локомотив менен кагылышуу болгон. Окуя болгон жерден тараган сүрөттөргө караганда, унаа олуттуу механикалык зыянга учураган.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жана кырсыктын башка жагдайлары такталууда. Учурда укук коргоо органдарынын жана темир жол өкүлдөрүнүн расмий комментарийлери бериле элек.



