Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда. Анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланып жатат. Жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоо каралган.
«Бүгүнкү күндө 18 чакырым жолго асфальт төшөлүп, калган тилкелерде жолдун негизин даярдоо жана жасалма курулмаларды куруу иштери уланууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Курулуш иштерин «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы филиалы аткарууда.
Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.



