Спорт

Бишкекте Португалия — Өзбекстан беттеши түз эфирде көрсөтүлөт

23-июнда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын экинчи турундагы Португалия менен Өзбекстандын беттешин онлайн көрүү үчүн фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чара үчүн чоң экран орнотулуп, шаар тургундары жана коноктору оюнду бирге көрүп, командаларды колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Саат 21:20да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүл ачуучу программа башталат. Ал эми 22:00дөн 23:00гө чейин оюн алдындагы түз эфир жана комментарийлер көрсөтүлөт. Беттеш саат 23:00дө башталат.

Иш-чарага байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө убактылуу унаа кыймылы чектелет:

Орозбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши;

Орозбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
Раззаков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;

Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилиши;

Абдымомунов көчөсүнөн тартып Кыргызстандын Улуттук тарых музейи тарапка чейинки Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн бөлүгү.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button