Жыл аягына чейин Бишкекке 625 даана сегиз метрлик автобус алып келинет

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин шаарга жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында маалым болду.
Шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы коомдук транспорт административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган жаңы конуштардын муктаждыктарын эске алуу менен сатып алынууда.
Автобустар 10 метрлик чоң автобустар жүрө албаган турак жай массивдеринде каттайт.
Мындан тышкары, борбор калаанын төрт районун камтыган 23 жаңы каттам ачылат.
Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев автобустар жыл аягына чейин этап-этабы менен жеткирилерин, ал эми алгачкы партиялары жаңы окуу жылынын башталышына чейин келери күтүлүп жатканын билдирген.
Автобустардын баасы кондиционерлердин, видеокамералардын болушуна жана транспорт каражатынын маркасына жараша аныкталат.



