Окуялар

Кара-Суу районунда селден жабыркаган балдардын абалы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы селден 10 жаштагы эки бала жабыркады. Алардын абалы тууралуу Алай райондук ооруканасынын директору Дайыр Адыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Анын айтымында, кырсык боюнча чакыруу саат 14:30дар чамасында түшкөн.

«Ошол учурда кырсык болгон Чыйырчык ашуусуна башка эле иштер менен санавиация да келе жаткан экен. Биздин кызматкерлер жеткиче алар алгачкы жардамды көрсөтүшкөн. 10 жаштагы эки жана 3 жаштагы бир баланы биздин ооруканага алып жөнөшкөн. Кичинекей кыз жарааты оор болгондуктан жолдо чарчап калды. Ал эми берки балдардын бирөөнүн абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгууга уруксат бердик. Экинчиси катуу коркуп калган, анын мээси чайкалып, жеңил жаракат алган», — деген Адыров.

Маалым болгондой, кечээ, 24-июнда Ош облусунун Чыйырчык аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, алты адамдын өмүрүн алды. Балдар Ош шаарынан келе жаткан унаада болушкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button