Окуялар
Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Сокулук районунда Hyundai Sonata менен Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Кырсык 21-июнда Кожомкул айылында болгон. ӨКМ кызматкерлери автоунаанын ээсин төрт күндөн бери издеп жатышкан.



