Токмоктогу мушташ боюнча беш балага чара көрүлөт

Токмоктогу мушташ боюнча беш балага чара көрүлөт. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Ленин көчөсүндө жайгашкан “Нарын шаурма” тез татым жайынын жанында жаштардын мушташы тартылган видео тараган.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милициянын кайгуул жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Анда окуяга катыштыгы бар беш жаран аныкталып, Токмок шаардык милициясына жеткирилген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын катышуучулары бири-бирине карата эч кандай доо-арызы жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан.
Ошол эле учурда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн окуяга катышкан беш жаранга карата Укук бузуулар кодексинин талаптарына ылайык мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.



