Окуялар

Бишкекте көчөдө кызга ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте көчөдө кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу билдирүү боюнча шектүү аныкталып, кармалды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү 1998-жылы туулган У.Ш. аттуу жаран болуп чыккан. Анын өздүгү такталгандан кийин милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүү учурунда кармалган жарандан психикалык бузулуу болушу мүмкүн экенин көрсөткөн белгилер аныкталган. Психиатрлардын кароосунан кийин ал кошумча медициналык текшерүүдөн өтүшү үчүн саламаттык сактоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда бир кыз белгисиз эркек киши тарабынан ага карата ыдык көрсөтүү болгонун билдирген. Анын айтымында, окуя эртең менен саат 5:40 чамасында Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button