Окуялар
Ала-Арча суу сактагычында балык уулоо эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматтар тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда мыйзам бузган жарандар кармалган. Алардан 122 даана балык жана жалпы узундугу 200 метрди түзгөн эки синтетикалык тор табылган.
Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү материалдар топтолуп, иш андан ары чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



