Саясат

Садыр Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунан Кумтөрдөн алган кирешедей эле киреше алабыз

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады.

Анда мамлекет башчысы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун өлкөгө тийгизген таасирине токтолду.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу бүтсө биз туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Кытай менен дүйнөнүн ортосун биз бириктиребиз.

Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып толук көз карандысыз өлкө болобуз.

Экинчиден, транзит үчүн бүгүн Кумтөрдөн алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз.

Экинчи Кумтөр болот десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз.

Темир жолубуз да туюк, авто жолдорубуз да туюк. Анан албетте, товарларды экспорт-импорт кылуунун баарынан көз карандыбыз.

Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Себеби, өзүбүз салабыз деп отура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык. Күтүп отура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз.

Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз.

Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп. Арасында өзүбүздүн ички терс күчтөр да бар.

Бирок биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз туман болуп калат. Ошондуктан акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Адашып калышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин»,- деп жазат өлкө башчысы.

Тектеш кабарлар

Back to top button