Саясат

БШК президенттик шайлоонун календардык планын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.

Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрда аяктайт, акыркы каттоо 23-декабрь деп белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга (саат 8:00гө) чейин уланат.

Айрым категориядагы жарандар үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 26-январда өтөт. Ал эми негизги добуш берүү күнү — 27-январда, шайлоо тилкелери саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

БШК шайлоонун жыйынтыгын 2027-жылдын 17-февралына чейин чыгарышы керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button