Президенттикке талапкер шайлоо фондуна 1 миллион сом күрөө төгүүгө милдеттүү

Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин койгон жаран шайлоо фондуна 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө төгүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тимур Оторбаев бул талап эмне үчүн киргизилгенин түшүндүрдү.
Анын айтымында, талапкер документтерин тапшыруудан мурун шайлоо фондун түзүп, күрөө төгүшү керек.
«Бул — мыйзамдын талабы. 2026-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, талапкерлигин көрсөткөн жаран шайлоо фондунан 1 миллион сом күрөө төгүүгө милдеттүү. Төлөгөнүн ырастаган квитанциясыз документтер кабыл алынбайт, талапкер катталбайт. Бул норма шайлоо комиссиясынын иш жүгүн азайтуу үчүн керек», — деди ал Sputnik радиосуна берген маегинде.
Оторбаев буга чейинки президенттик шайлоолордо 30–50дөй адам талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды.
«Айрымдар өзүн жарнамалоо үчүн гана катышчу. БШКнын аппараты бардык иштерди аткаргандан кийин алар күрөө төкпөгөнү үчүн четтетилчү. Ишти татаалдаштырбаш үчүн ушул кадамга бардык», — деп кошумчалады ал.



