Коом
Антимонополия кызматы май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду.
Мекеменин маалыматына ылайык, документтин негизги максаты — өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө.
Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы туруктуулукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.



