Коом

Азербайжан Кыргызстанга мунай продукцияларын берет

Кыргызстанга Азербайжан мунай продукцияларын сатууга даяр. Бул туурасында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Ал Чолпон-Атадагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул боюнча чечим кабыл алынганын билдирди. Министр учурда мунай заттарын жеткирүүнүн механизмдери иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Аткаминер министрлердин деңгээлинде сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

«Энергетика тармагында жол картасы иштелип жатат. Чакан ГЭСтерди да куруу талкууланууда. Жакында конкреттүү механизмдерге өтөбүз жана майда-чүйдөсүн талкуулап, иш алып барабыз», — деди Рысбеков.

Тектеш кабарлар

Back to top button