Окуялар

Психотроптук заттарды колдонгон болушу мүмкүн. Эсин жоготуп ооруканага түшкөн өспүрүмдүн азыркы абалы айтылды

Аламүдүн районунда 16 жаштагы өспүрүмдүн ооруканага түшүүсүнүн жагдайлары иликтенүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Акматов көчөсүнөн 16 жаштагы өспүрүм эс-учун жоготкон абалда табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, тез жардам чакырышкан. Өспүрүм Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Дарыгерлер алдын ала анын психотроптук заттардан ууланган болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Учурда өспүрүм эсине келип, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.

Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүмдү мындай абалда окуяга чейин чогуу жүргөн тааныштары таштап кетишкен.

Бул факты боюнча материал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button