Коом

Солтобаев: Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, министр курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, жооптуу жетекчилерге жана подрядчы компанияларга жолду белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен бүтүрүү жана курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырма берди.

«Долбоордун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Реконструкция аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап унаа жол пайдаланууга берилет», — деди министр.

Ошондой эле министр курулуш иштерин туруктуу көзөмөлдөп, бардык талаптардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо милдетин койду.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button