Дүйнө
Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинянды өлкөнүн премьер-министри кылып дайындады. Тийиштүү жарлык расмий сайтта жарыяланды.
Буга чейин өлкөнү Конституциясына ылайык, өкмөт курамы тараган. Министрлер кабинети жаңы курам түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткара бермекчи.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Жарандык келишим» партиясы добуштардын 49,74 пайызын алып, 64 мандатка ээ болду. Бул аларга өкмөттү өз алдынча түзүүгө жана Пашинянды кайрадан премьер-министрлик кызматка сунуштоого мүмкүндүк берди.



