Пайдалуу кеңештер

Сомнолог жайкысын уйкунун бузулушуна эмне себеп болорун түшүндүрдү

Дарыгер-терапевт жана сомнолог Кристофер Ж. Аллен жай мезгилинде уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон негизги себептер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кечки убакта сууну өтө көп ичүү түн ичинде улам-улам дааратканага турууга мажбурлап, уйкунун сапатын начарлатат.

Ошондой эле дарыгер кечинде оор машыгууларды жасоо сунушталбай турганын белгиледи. Анткени мындай көнүгүүлөр дене табын, жүрөктүн кагышын, адреналин жана кортизол гормондорунун деңгээлин жогорулатып, уктоону кыйындатат.

Аллен уктаарга 2–3 саат калганда көп суу ичпөөнү жана күч келтирген машыгуулардан алыс болууну сунуштайт. Кечки маалда анын ордуна йога же пилатес менен алектенүү пайдалуураак.

Мындан тышкары, жайкысын күндүн эрте чыгышы жана кеч батышы да адамдын биологиялык саатына таасир этип, кечирээк уктоого түртүшү мүмкүн. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн дарыгер күн сайын бир эле убакта ойгонууга кеңеш берет. Бул организмдин циркаддык ритмин турукташтырууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button