Коом

Тышкы карыз азайып, ички карыз өскөн. Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү

2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче, өскөн.

Май айынын аягына карата өлкөнүн тышкы карызы 5 миллиард 212,3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 133 миллион долларга аз. Ал эми ички мамлекеттик карыз 4 миллиард 739,6 миллион долларга жетип, беш ай ичинде 1 миллиард 166 миллион долларга көбөйгөн.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button