Окуялар

Wildberriesтин дагы бир кампасында өрт чыккандыгы айтылууда

Орусиянын Владимир облусундагы Wildberries компаниясынын логистикалык объектисине жасалган чабуулдан кийин өрт чыкканын RWB (Wildberries & Russ) компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык кызматкерлер коопсуз жерге эвакуацияланды, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок товарларды кабыл алуу жана кардарлардын буйрутмаларын жөнөтүү башка логистикалык борборлор аркылуу жүргүзүлүүдө.

Украинанын мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдары күбөлөр тарткан видеолорго таянып, сөз Владимир облусунун Хрястово айылынын жанындагы «Владимир — Воршинское» аттуу Wildberries логистикалык борбору тууралуу болуп жатканын билдиришүүдө. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө өзүнчө тастыктала элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button