Коом
Кыргызстан Борбор Азияда туристтер эң көп барган өлкөлөрдүн бири болду

2025-жылы Кыргызстандын жарандары Борбор Азия өлкөлөрүнө барган чет өлкөлүк туристтердин 19 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин (WTTC) изилдөөсүндө айтылат.
Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан төртүнчү орунду ээледи. Биринчи орунда Казакстан (29 пайыз), андан кийин Өзбекстан (22 пайыз), Орусия (20 пайыз) жана Кыргызстан (19 пайыз) турат. Ал эми Кытайдын үлүшү 2 пайызды түзгөн.
Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азиянын жашоочулары эң көп саякаттаган өлкөлөрдүн алгачкы үчтүгүнө кирди.
Аймактагы чет өлкөлөргө чыккан туристтик агымдын 18 пайызы Кыргызстанга туура келген. Бул көрсөткүч боюнча өлкөдөн алдыда Өзбекстан (25 пайыз) жана Казакстан (23 пайыз) гана жайгашкан.



