ДКО-2026: Кыргызстан көчмөн цивилизациялар жөнүндөгү илимий диалогдун дүйнөлүк аянтчасына айланат

2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өтөт.
Конференция Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги интеллектуалдык иш-чараларынын бири болуп, көчмөн цивилизацияларынын тарыхый мурасын, философиясын, маданиятын, каада-салттарын жана өнүгүүсүнүн заманбап аспектилерин ар тараптуу изилдөө үчүн илимий коомчулукту бириктирүүгө багытталган.
Ири илимий форум ачык академиялык диалог жүргүзүү, алдыңкы илимий билимдер менен тажрыйбаларды алмашуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөө борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн эл аралык аянтча болот.
Конференцияны өткөрүү Кыргыз Республикасынын көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурасын сактоо, илимий жактан изилдөө жана эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча жүргүзүп жаткан ырааттуу мамлекеттик саясатын чагылдырат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасы номадологияны заманбап дисциплиналар аралык илимий багыт катары өнүктүрүүгө, эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого жана көчмөн цивилизацияларын изилдөө боюнча глобалдык илимий платформаны калыптандырууга багытталган.
Конференциянын ишине дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эксперттер, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий борборлордун өкүлдөрү катышат. Алардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Азербайжан, Түркия, АКШ, Австрия, Өзбекстан, Түштүк Корея, Улуу Британия, Индия, Бельгия, Франция, Жаңы Зеландия, Япония, Сауд Арабия Падышалыгы, Мажарстан, Гана, Германия, Италия, Монголия, Нидерланд, Пакистан, Польша, Словения, Швеция, Шри-Ланка жана Иран бар.
Конференциянын катышуучулары көчмөн цивилизацияларын изилдөөнүн актуалдуу маселелерин, алардын тарыхый жана маданий мурастарын, философиясын, каада-салттарын жана баалуулуктарын, ошондой эле номадологияны жана дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашат.
Өзгөчө көңүл эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүүгө, академиялык алмашууга жана ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрү менен илимий борборлорунун ортосунда жаңы илимий байланыштарды түзүүгө бурулат.
Конференцияны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүү Оюндун спорттук жана маданий гана эмес, илимий-интеллектуалдык маанисин да баса белгилеп, көчмөн элдердин цивилизациялык мурасын терең илимий жактан изилдөөгө шарт түзөт.
Конференциянын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда өтөт.
Эл аралык илимий конференция Кыргызстандын эл аралык илимий диалогду өнүктүрүүгө, академиялык кызматташтыкты чыңдоого жана көчмөн цивилизацияларын дүйнөлүк тарыхый-маданий мурастын маанилүү бөлүгү катары илимий жактан изилдөөнү илгерилетүүгө кошкон маанилүү салымы болот.



