SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасынын экинчи баскычы Айга кулады

SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета ташуучусунун экинчи баскычы эсептелген траекториядан четтеп кетип, Айдын бетине урунду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.
5-августтагы кагылышуу фактысын Чилидеги Европанын Түштүк обсерваториясы (ESO) тастыктады. Обсерваториянын маалыматына ылайык, окуя Very Large Telescope (VLT) телескобу аркылуу катталып, тиешелүү спектрдик белгилер аныкталган.
Буга чейин АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (NASA) кулаган жерди сүрөткө тартууну пландап жатканын билдирген. Агенттик сүрөттөрдү алуу жана иштетүү бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин маалымдаган.
NASAнын баамында, соккунун натыйжасында диаметри болжол менен 18 метр, тереңдиги дээрлик 4 метр болгон кратер пайда болот. Кагылышуу Эйнштейн жана Белл кратерлеринин аймагында болгон деп болжолдонууда.
Falcon 9 ракетасынын экинчи баскычы 2025-жылдын 15-январында Blue Ghost 1 конуу модулун Айга жөнөткөндөн кийин космосто калган. Ракетанын биринчи баскычы Жерге ийгиликтүү кайтып келген, ал эми экинчи баскычы космосто учуусун уланткан.
SpaceX компаниясынын NASA жана Dragon программалары боюнча илимий жетекчиси Жулианна Шаймандын айтымында, Күндүн активдүүлүгү менен тартылуу күчтөрүнүн айкалышынан улам экинчи баскыч эсептелген траекториядан четтеп, кокусунан Айды көздөй багыт алган.
Маалыматтарга ылайык, бул окуя Жер үчүн эч кандай коркунуч жараткан жок. Бирок ал космостук таштандылар көйгөйүнө кайрадан көңүл бурдурду.
Европанын Космос агенттигинин (ESA) эсебинде, учурда Жер орбитасында жалпы салмагы болжол менен 17 миң тоннаны түзгөн 46 миңден ашуун космостук таштанды объектиси бар.



