Филармониянын жанындагы фонтан жаңыланды

2026-жылдын 11-августунда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын айланасында жайгашкан Жаштар аллеясын жана фонтан комплекстерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылганлай, объекттерди кыдыруунун алкагында филармониянын имаратынын алдындагы жаңыланган фонтандын техникалык ачылышы болуп өттү.
Фонтан комплексинде техникалык жабдуулар жаңыртылып, сууну тазалоонун заманбап системалары, ошондой эле жалбырактарды чогултуучу жабдуулар орнотулду.
Фонтан жаңы жасалгага жана заманбап техникалык жабдууларга ээ болду. Бул жерде «бийлеген» фонтан эффекттери менен коштолгон жарык-музыкалык система орнотулду. Ал ар түрдүү жарык жана музыкалык программаларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, филармониянын түндүк жана түштүк тарабында жайгашкан дагы эки фонтан комплексинде реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.
Борбор калаанын мэри техникалык ишке киргизүү системадагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктап, аларды өз убагында жоюу үчүн зарыл экенин белгиледи. Мэр подряддык уюмга суу агызуу системасынын ишин кылдат текшерүүнү, суу топтолгон жерлерди жоюуну жана бардык иштерди толук аяктоону тапшырды.
Долбоордун алкагында ага чектеш аймакты комплекстүү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ирригациялык система толугу менен жаңыртылып, тышкы жарыктандыруу модернизацияланды, видеобайкоо камералары орнотулду, жаңы таман таш төшөлүп, отургучтар жана таштанды челектери жаңыртылды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн аймактын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында алты пандус орнотулууда.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын фасады да жаңыланууда.
Кыдыруунун жыйынтыгында мэр аткарылган иштердин оң натыйжаларын белгилеп, подряддык уюмга бардык иштерди аягына чыгарууну жана аныкталган кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
Фонтан комплекстерин реконструкциялоо жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда. Подряддык уюм — «Лидер Хаус» ЖЧКсы.



