Коом

1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 800 сомду түзөт

1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 800 сом болот. Бирок алуучулардын эки категориясында төлөмдөр мындан төмөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМК менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Женишбек Мукамбетов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, Кыргызстанда пенсиялар жыл сайын индексацияланат. Пенсиянын минималдуу өлчөмү белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйтүлөт. Натыйжада минималдуу пенсия 8 800 сомду түзөт.

Ошол эле учурда багуучусунан ажырагандыгы жана майыптыгы боюнча пенсиялар төмөн болушу мүмкүн. Анткени бул категорияларга пенсия башка эсептөө ыкмасы менен дайындалат.

Пенсияларды октябрь айынан жыл аягына чейин жогорулатууга 4,4 млрд сом, ал эми кийинки жылга 17 млрд сом каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button