Коом
Көл-Төр көлүнүн жырылуу коркунучу жоюлду

Чүй районунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жоюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар тарабынан жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүкчөлөр орнотулуп, көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу боюнча иш-чаралар аткарылды.
Иштерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргызгидрометтин директору жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жана жалпы 41 куткаруучу тартылды.



