Коом
Ысык-Көлдө 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган көк бөрү аренасы курулду

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн VI оюндарына карата Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча мелдештер өтө турган жаңы аянтча курулду. Бул тууралуу Оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максутов билдирди.
Арена 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Трибуналар оюн талаасынан болжол менен 10 метр алыстыкта жайгашкан. Ал эми ипподромдо көрүүчүлөргө чейинки аралык 200 метрге чейин жетет.
Конструкция бардык керектүү сыноолордон өткөрүлүп, четтерине коргоочу тосмолор орнотулган. Аянтча оңой чечилип-жыйналуучу элементтерден жасалган.
Оюндарда көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өткөрүлөт. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн VI оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.



