Коом

Мамбеталиев: Көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүүгө акы төлөнөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн 1000 сомдук билет талап кылынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, билет «Рух-Ордо» маданий борборундагы жана Бостери айылындагы иш-чараларга, «Дордой Номад» комплексинде өтө турган Nomad Fest фестивалына, ошондой эле ат майдандагы кечки концерттерге, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге кирүүдө талап кылынат.

«Оюндардын жабылуу аземине билеттер 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин сатылат», — деди Мамбеталиев.

Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган иш-чараларга кирүү акысыз болот. Бирок ал жакка жеке унаа менен барууга чектөө коюлуп, атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Ал жерден Кырчынга чейин жана кайра акысыз шаттл-автобустар каттайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button