Кыргызстанда 8 күндүк ымыркайга операция жасалды

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда шишиги бар 8 күндүк ымыркайга операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин балдар онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, операцияга балдар хирургдары жана неонатолог-хирургдар катышкан.
Дарыгер айрым шишиктер тубаса болуп, бала төрөлө электе эле же жашоосунун алгачкы күндөрүндө аныкталышы мүмкүн экенин белгиледи. Мындай учурларда тез диагностика жана адистердин биргелешкен иши маанилүү.
«Бул өзгөчө категориядагы бейтаптар — кичинекей организм, чоң тобокелдик жана зор жоопкерчилик», — деп жазган Стамбеков.
Ал балдар онкологиясында дарылоо химиотерапия жана дары-дармек менен гана чектелбей турганын белгиледи. Баланын абалына жараша хирургдар, анестезиологдор, реаниматологдор, неонатологдор жана диагностикалык адистер тартылышы мүмкүн.
Дарыгердин айтымында, мындай учурда ар бир чечимдин тактыгы жана медициналык топтун бирдиктүү иштеши баланын өмүрү үчүн чоң мааниге ээ.



