Коом

Муфтият 2027-жылкы ажылыкка бара турган зыяратчыларга коюлган медициналык талаптар тууралуу маалымат берди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2027-жылы ажылыкка бара турган зыяратчыларга Сауд Аравиясы тарабынан коюлган медициналык талаптар тууралуу маалымат берди.

Сауд Аравиясынын Ажылык министрлигинин талаптарына ылайык, ажылык ибадаттарын аткарууга жана зарыл болгон физикалык күч келтирүүгө тоскоол боло турган оорулары жана ден соолук абалы бар адамдарга ажылыкка барууга уруксат берилбейт.

Тизмеге гемодиализ алып жаткан бейтаптар, жүрөк жана өпкөнүн оор жетишсиздигинен жабыркагандар, боордун күчөп бараткан циррозу бар адамдар, оор неврологиялык жана психикалык оорулары барлар, ошондой эле өз алдынча басып жүрүүгө мүмкүнчүлүк бербеген таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен жабыркагандар кирет.

Ошондой эле деменциясы бар адамдарга, жугуштуу оорулары, анын ичинде кургак учуктун ачык түрү менен ооругандарга, химиотерапия алып жаткан онкологиялык бейтаптарга жана кош бойлуулугу татаалдашуу коркунучу жогору аялдарга да чектөө коюлат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кошумча медициналык талаптар келип түшсө, бул тууралуу маалымат өзүнчө жарыяланарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button