Коом

Орунбеков: Биримдигибизди иш жүзүндө көрсөтүп, өлкөбүздү татыктуу тааныталы

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда өтө турган ири эл аралык иш-чаралардын алдында кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал иш-чараларга байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, транспорт кыймылына чектөө киргизилерин эске салды.

Орунбековдун айтымында, мындай чектөөлөр тургундарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок бул күндөрү сабырдуулук жана өз ара түшүнүшүү маанилүү.

«Бизге келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилдигин, кадыр-баркын, маданиятын жана адамгерчилигин көрсүн», — деп белгиледи ал.

Орунбеков жарандарды тартипти сактоого, бири-бирине жардам берүүгө жана алдыдагы иш-чараларды мамлекеттик гана эмес, жалпы коомдун жоопкерчилиги катары кабыл алууга чакырды.

«Бул — Кыргызстандын жүзү. Келгиле, биримдигибизди иш жүзүндө көрсөтүп, өлкөбүздү татыктуу тааныталы», — деп баса белгиледи ал.

Ал ошондой эле кыргызстандыктар оор учурларда биримдигин жана бири-бирине жардам берүүгө даяр экенин бир нече жолу далилдегенин айтып, алдыдагы эл аралык иш-чаралар учурунда да ушул сапаттарды көрсөтүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button