Коом
Эми «Асман» дрону барууга кыйын болгон аймактарда адамдарды издөөгө жардам берет

«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында «Асман» деп аталган дрон иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, дрон барууга кыйын болгон аймактарда адамдарды издөөгө жардам берет.
«Адамдын өмүрү коркунучта турганда ар бир секунд, ар бир кадам жана ар бир аракет маанилүү», — деп айтылат билдирүүдө.



