Кыргызстандыктар үчүн Өзбекстандын ЖОЖдорунда 20 квоталык орун бөлүндү

2026/27-окуу жылына Кыргызстан жарандары үчүн Өзбекстандын жогорку билим берүү уюмдарында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн 20 квоталык орун бөлүндү.
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына караганда, бөлүнгөн квоталык орундарга талапкерлерди Ош мамлекеттик университети тандайт.
Быйыл кыргызстандык абитуриенттер бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим ала алышат:
мектепке чейинки билим берүү — 4 орун;
компьютердик инженерия — 4 орун;
агрономия — 4 орун;
суу чарбасы жана мелиорация — 2 орун;
экология жана айлана-чөйрөнү коргоо — 2 орун;
курулуш инженериясы — 4 орун.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер анкета, жалпы орто же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун же аттестаттын көчүрмөсүн, паспорттун көчүрмөсүн, орус тилинде толтурулган белгиленген үлгүдөгү медициналык маалымкатты, ошондой эле 3,5 × 4,5 сантиметр өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөттү тапшырышы керек.
Конкурстук тандоонун алкагында талапкерлер тандаган окуу тилин билерин көрсөтүп, эки профилдик сабак боюнча сынак тапшырат. Экзамен 5 баллдык система менен бааланат.
Өзбекстандын жогорку окуу жайларында билим берүү өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Өзбек тилиндеги билим берүү латын графикасынын негизинде болгондуктан, талапкерлердин латын алфавитин билүүсү да эске алынат.
Документтер 2026-жылдын 22-августуна чейин кабыл алынат.
Кирүү сынактары 24-августта саат 08:00дө Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтөт.



