Коом

Күнгөй Ала-Тоодогу жарылып кетүү коркунучу бар көлдөр текшерилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргызгидрометтин адистери 20-августта Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк жана түштүк капталдарындагы суу ташкындап кетүү коркунучу бар бийик тоолуу көлдөргө абадан байкоо жүргүзүштү.

ӨКМдин маалыматына караганда, тик учак менен учуп текшерүүнүн жалпы аралыгы болжол менен 530 чакырымды түздү.

Иштин жүрүшүндө жалпысынан 16га жакын көл изилденди. Алардын үчөө Чүй облусундагы Чоң-Кемин дарыясынын бассейнинде, 13ү Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги дарыялардын бассейнинде жайгашкан.

Байкоонун негизги максаты — кар жана мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришинен кийин көлдөрдүн абалын, дамбаларын жана суу агып чыгуучу каналдарын баалоо, мөңгүлөрдүн чегинишинен пайда болгон жаңы көлдөрдү аныктоо жана көлдөрдүн жарылып кетүү коркунучу жогорулаган белгилерди каттоо.

Өзгөчө Чоктал-1 (И-1) жана Кашка-Суу (Ч-11) сыяктуу коркунучтуулугу жогору көлдөргө көңүл бурулду. Ошондой эле жарым-жартылай бошогонуна карабастан, ичинде көп көлөмдө суу сакталган Чоктал-2 (И-2) жана Бозтери (И-5) көлдөрү текшерилди.

Мониторинг Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жана Чоң-Кемин өрөөнүндөгү калктуу конуштар менен инфраструктуралык объектилер потенциалдуу коркунуч аймагында жайгашкандыктан жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн фото жана видео материалдары координаттары менен кошо иштетүүгө берилет. Анын жыйынтыгында көлдөрдүн жарылып кетүү коркунучунун категориялары такталып, тиешелүү каталогго өзгөртүүлөр киргизилет. Эң кооптуу объектилер тууралуу маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана ӨКМге жеткирилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button