Окуялар

Мечитте наристесинин ооруп жатканын айтып, элден акча сураган эркектин калпы ашкереленди

Инстаграм социалдык тармагына жүргүзүлгөн мониторинг учурунда милиция кызматкерлери мечитте намаз убагында колуна наристесин көтөрүп алып, жамааттан материалдык жардам сурап жаткан эркек кишинин видеосун аныкташкан.

Видеодо эркек баласы катуу ооруп, дарыланууга муктаж экенин айткан. Атасынын сөзүнө караганда, наристенин «тамагында тешик бар» экенин айтып, жарандардан материалдык жардам көрсөтүүнү суранган.

Бирок жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бул маалыматтар ырасталган эмес. Баланын ден соолугу чың экени, эч кандай оорусу же патологиясы жок экени аныкталган. Тактап айтканда, баланын «тамагында тешиги бар» деген маалымат чындыкка дал келген эмес.

Видеоматериалды жана ага жазылган комментарийлерди изилдөө учурунда бул жаран Бишкек шаарындагы мечиттерде адамдардан акча сурап, кайырчылык менен алектенери тууралуу маалыматтар да алынган.

Бул факты боюнча маалымат белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү башталган.Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери эркектин өздүгүн аныкташкан. Ал 1988-жылы туулган А.Ы. аттуу жаран болуп чыккан. Ал 2026-жылы төрөлгөн уулу А.М. менен бирге болгон.

Милиция кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жарандын жашаган жерине барып, текшерүү, профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле жашы жете элек баланын жашоо жана багуу шарттары изилденген.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында үй-бүлөгө жана балага тиешелүү бардык материалдар жана документтер андан ары иш алып баруу үчүн тиешелүү социалдык коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Ал эми А.Ы. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга жана материалдык жардам көрсөтүүдөн мурун берилген маалыматтын чын-төгүнүн жана аны ырастаган документтердин бар-жогун текшерүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button