Корумду чокусунда үч адамдын сөөгү жатканы ырасталды

Алайдагы Корумду чокусунда үч адамдын сөөгү жатканы ырасталды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.
Алар беларустук жана литвалык альпинисттеринин сөөгү болушу толук ыктымал.
«Маалыматты ырастап, андан кийин сөөктөрдү Ошко жеткирүү үчүн аба ырайынын жакшырышын күтүп жатабыз. Бул кыйла татаал операция, анткени учурда тоолордо күн бүркөлүп- ачылып, өзгөрүп турат, альпинизм сезону да аяктады. Сөөктөр болжол менен 6,5 миң метр бийиктикте жатат», — деди Кубатов.
Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.



