Баткенде чек арага керектүү тирөөчтөр тик учак менен жеткирилүүдө

Баткенде чек арада кызмат өтөгөн аскерлерге керектүү тирөөчтөрдү жетүүгө кыйын аймактарга жеткирүү иштери уланууда.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, буга чейин салмагы болжол менен 20 килограмм болгон тирөөчтөрдү аскер кызматчылары татаал жана кооптуу тоолуу жолдор аркылуу кол менен ташып келишкен.
«Буга байланыштуу аскерлердин жумушун жеңилдетүү жана зарыл материалдарды өз убагында жеткирүү максатында тик учак тартуу чечими кабыл алынган. 20-августтан тартып тик учак тирөөчтөрдү түздөн-түз жетүүгө кыйын тилкелерге жеткире баштады. Бул аскер кызматчыларынын убактысын үнөмдөп, физикалык жүгүн кыйла жеңилдетүүгө шарт түзүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик татаал тоолуу шарттарда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн коопсуз жана тиешелүү шарттарды түзүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү улантууда.



